Бишкек милициясынын кызматкерлери Кыргызстанда кичи насыя берүүгө тыюу салуу талабы менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингке чыккан бир нече насыя алган адамды кармап кетишти.

Насыя алган адамдардан турган топ парламент имаратынын алдында 15-апрелде митинг өткөрдү. Чогулгандар Улуттук банктын ишин текшерүүнү жана кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салууну талап кылышты.

vb.kg маалыматтык сайтынын билдирүүсү боюнча, Бишкек милициясынын кызматкерлери митингке чыккандардан Горький атындагы сейил багына барууларын өтүнүшкөн, бирок алар баш тартышкан.

30 жакын милиция кызматкери акциянын бир нече катышуучусун күч менен Биринчи май РИИБсине алып барышты. Анда кармалгандарга карата административдик тартип бузуу тууралуу протоколдор түзүлдү.