Орто Азия жана Европа өлкөлөрүнүн музыканттары «Джаз-Бишкек-Жаз» аталышындагы джаз-фестивалы аяктаган соң бир сахнада импровизация кылып, түрдүү музыкалык чыгармаларды аткарышты.

Джем-сессия 11-апрелде болуп, Бишкекте өткөн «Джаз-Бишкек-Жаз» фестивалынын кульминациясы болуп калды. Орто Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген музыканттар «Студия 247» арт-клубунда бир сахнага чыгып, биргелешип ойношту.

Джем-сессия — бул ар кайсы топтун музыканттарынын чогулуп, бир сахнада импровизация форматында түрдүү музыкалык чыгармаларды аткаруусу.

«Джаз-Бишкек-Жаз» фестивалы 8-апрелден 12-апрелге чейин өттү. Концерттик бөлүгү Бишкектин филармониясында болуп, ага Германия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын 11 тобу катышкан.