Британиялык «Oracle Capital» компаниясынын өкүлдөрү Лорд Клэнвильям менен Мартин Грэм канадалык «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешинин алмашышына жетишүүгө аракет кыла тургандыктарын билдиришти. Аларды директорлор кеңешине талапкер катары Кыргызстандын күн мурун отставкага кеткен премьер-министри Жоомарт Оторбаев көрсөтүп жаткан.

Британиялык «Oracle Capital» консалтинг компаниясынын өкүлдөрү Лорд Клэнвильям менен Мартин Грэм Бишкекте өткөн маалымат жыйынында 2015-жылдын февралында аларга канадалык «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешинин алмаштырылышын каалаган миноритардык акционерлери кайрылгандыктарын билдиришти.

«Биз канадалык рынокту изилдеп чыккандан кийин андагы директорлорду көбү бир нече директорлор кеңешинде жана көптөн бери алмашпастан отурушат деген жыйынтыкка келдик. Бул компанияда бир катар көйгөйлөрдү жаратат», - деди Грэм.

Лорд Клэнвильямдын айтымында, аларга кайрылган миноритарийлер ошондой эле «Центерранын» башкармалыгына да нааразы болушкан — «Oracle Capitalдын» өкүлдөрү акционерлердин бул нааразычылыктары менен фактыларын топтоп, канадалык компаниянын ири акционери болуп эсептелген Кыргызстандын бийлигине кат жолдошкон.

(function() {
var lb24 = document.createElement('script'); lb24.type = 'text/javascript'; lb24.id = '24lbScript'; lb24.async = true; lb24.charset="utf-8";
lb24.src = '//v.24liveblog.com/embed/24.js?id=1290536';
(document.getElementsByTagName('head')[0] || document.getElementsByTagName('body')[0]).appendChild(lb24);})();

Сүрөт: Мирлан Токталиев / «Азаттык».