«Калыс» кыймылы эгер Кыргызстанда балдарды зордуктагандарга карата өлүм жазасы киргизилбесе ар бир кармалган педофил үчүн 100 миң сомдон бере тургандыгын билдирди.

«Калыс» кыймылынын башчысы Жеңиш Молдокматов Бишкекте өткөн акциянын жүрүшүндө «педофилди кармаган» каалаган адамга 100 миң сомдон бере тургандыгын билдирди.

«Эгер укук коргоо органдары тарабынан реакция болбосо, анда биз «педофилди карма да 100 миң сом ал» деген акция жарыялайбыз», — деди Молдокматов.

Ал балдарды зордуктагандарга карата өлүм жазасын киргизүүнү талап кылды. Көрсөтмө катары активисттер «педофил» деген жазуусу бар атайын жасалган сөлөкөткө таштарды ыргытышты — Молдокматовдун айтымында, «ар бир педофил менен ушундай болот».

Активисттерди дин таануучу Кадыр Маликов колдоду. Ал дагы педофилдер үчүн өлүм жазасынын киргизилиши керектигин билдирди — айтымында, бул «ырайымсыздык эмес, а нормалдуу эле көрүнүш».

«Келгиле жок дегенде сот системасын реформалоону аяктаганга чейин убактылуу өлүм жазасын киргизели», — деди Маликов.

Азырынча активисттердин талаптарына карата бийлик тараптан эч кандай реакция боло элек.

Буга чейин учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев педофилдерге карата өлүм жазасынын киргизилиши ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Балдарга карата зомбулук көрсөтүү 2015-жылы Кыргызстанда эң көп талкууга алынган көйгөйлөрдүн бири болуп калды.

Ага туугандары тарабынан Бишкектин четинде эки жаштагы баланын зордукталгандыгы жөнүндөгү маалымат себеп болгон.

«Оккупай-педофиляй»

Педофилдерди өкүмсүз жазалоо идеясы КМШ мейкиндигинде жаңы сунуш эмес. Эң белгилүү мисалдардын бири — «Тесак» деген каймана аты бар орусиялык неонацист Максима Марцинкевичтин акциялары.

Ал балдарга карата зомбулук жасап, аларды зордуктагандарды колго түшүрүүгө багытталган «Оккупай-педофиляй» акцияларынын уюштуруучусу катары белгилүү.

Марцинкевич өзүнүн пикирлештери менен бирге социалдык түйүндөр аркылуу педофил болушу мүмкүн болгон адамдарды издеп таап, жолугушууга чакырып, андан соң аларды токмоктоп, кемсинтүү менен «профилактикалык маектерди» өткөрүп жаткандыктары тартылган видеолорду интернетке жайгаштырган.

«Тесак» «Лента.ру» басылмасына берген маегинде акциясынын максаты — «педофилдин өмүрүн сындыруу» экенин айткан.

«Бул шоу. Мен ал адамды түрмөгө камаганга аракет кылбайм, мен анын жашоосун бузуп, өмүрүн толугу менен талкалоого аракет кылам. Мүмкүн аны тааныгандардан кимдир бирөө көрүп, арыз жазат чыгаар», — деген ал.

Марцинкевичтин өзү Орусиянын Кылмыш кодексинин 228-беренесинин негизинде (жек көрүүчүлүк жана душмандыкты козгоо) бир нече жолу түрмөгө отуруп чыккан.