Кыргызстандыктар Улуттук банктан алтын куймаларын сатып ала алышат — башкы каржы жөндөгүч мекемеси муну акчаны валюта менен кыймылсыз мүлктөн башка нерсеге да салуу мүмкүнчүлүгү деп эсептөөдө.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алтын куймалары ― бул инвесициялоо үчүн банктын жаңы продуктусу экенин билдирди. Анын алгачкы нускасы 45 килограмм алтынды түзөт.

Улуттук банк куймаларды түрдүү салмактарда сатууну пландоодо ― алар 1 граммдан 100 граммга чейинки алтындан турат.

«Партия алтындын эки түрүнөн турат. Биринчиси (майда) казак алтынынан турат (өндүрүүчү «Казак тыйын сарайы»), экинчиси ― 100 граммдык кыргыз алтынынан («Кыргызалтын»)», ― деди Абдыгулов.

Ал бир грамм салмактагы казак алтынынын куймаларынын баасы 3774 сом, а кыргыз өндүрүшүндөгү 100 граммдык куйманыкы дээрлик 235 миң болорун кошумчалады. Алтынды кайрадан Улуттук банкка сатса болот.

Абдыгулов Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтындын баасы Лондондогу фондулук биржа тарабынан бекитилген дүйнөлүк бааларга көз каранды болорун билдирди.

Алтын куюлмалары сапаттык тастыктама катары да кызмат кылган атайын коргоо таңгактарда сатылат. Улуттук банк төрагасынын айтымында, ал коргоо таңгагын «ачуу сунушталбайт».

Алтын куймалар үчүн атайын таңгактар.
Алтын куймалар үчүн атайын таңгактар.

«Эгер таңгактын бузулгандыгы белгилүү болсо бир күндүн ичинде ага техникалык экспертиза жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында алтындын биздики экендиги аныкталса, анда ал куйма үчүн дароо акча төлөнөт. А эгер таңгак ачылбаган бойдон келсе, анда аны алып келген адам Лондондогу биржанын курсу боюнча акча алат», ― деди Абдыгулов.

Ал алтын куймаларын сатып алууда же сатууда кардардан салык алынбастыгын кошумчалады. Абдыгулов ошондой эле «алтынды тышка чыгарууда эч кандай чектөө жок» экенин айтты.

«Тастыктама бар болушу керек, ошондо бажы декларацияларын толтурууда эч кандай көйгөй болбойт», ― деп кошумчалады ал.

Алтын куймалары 7-майдан тарта сатыла баштады. Улуттук банк куймаларды кайрадан сатып алуу укугу менен сатууда. Сатуу менен сатып алуунун баалары күн сайын өзгөрүлүп, улуттук валюта менен сайтка жарыяланып турат. Куйманы кайрадан банкка сатууда анын таңгагы бузулбаган болушу керек.

Автор: Алтынай Джалмамбетова.

Сүрөт: Кыргызстандын Улуттук банкы.