Шайлоонун алдында «Эмгек» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары бириге тургандыктары жөнүндө жарыялашты. Жаңы саясий бирикме «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» деп аталат.

Парламенттин мурунку төрагасы Адахан Мадумаров менен «Дордой» базарынын ээси Аскар Салымбековдун партиялары 2015-жылдын күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн биригишти.

Бул тууралуу алар 21-майда биргелешип өткөргөн съездин жүрүшүндө билдиришти. Жаңы бирикме «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» деген аталышка ээ болду.

Бул шайлоонун алдында партиялар бириккен алгачкы учур эмес. Оппозициялык «Ата-Журт» жана «Республика» партиялары парламентке өтүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн 2014-жылдын күзүндө биригишкен.

Саясий партиялардын биригүүсү «Шайлоолор жөнүндөгү» жаңы мыйзамдын кабыл алынышынын фонунда болууда.

Шайлоого катышуу үчүн шайлоо күрөөсү 10 эсе, 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин, Жогорку Кеңешке өтүүдөгү пайыздык тосмо 7ден 9 пайызга чейин жогорулаган, а добуш берүүгө биометрикалык маалыматтарын тапшырган шайлоочулар гана катыша алышат.