Маданият жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев Ички иштер министрлигинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды.
Чакиевдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты ИИМдин басма сөз кызмат ырастады — мекеменин өкүлү Эрнис Осмонбаевдин маалыматы боюнча, чиновник учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.
«Маданият министринин орун басарынын өзгөчө ири өлчөмдөгү пара бергендиги үчүн кармалгандыгын ырастайбыз. Мындай жол менен ал аныкталган мыйзам бузууларды жабууга аракет кылган. Ал ИИМдин 5-шаардык башкармалыгынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаган», – деди Осмонбаев.
Пара берүү фактысы боюнча Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 314-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. ИИМдин маалыматы боюнча, Чакиев ага карата башталган тергөө иштеринин токтотулушу үчүн пара сунуштаган — «Ю.П.» деген кайсыл бир чет элдик жаран маданият министринин орун басарын Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин «жалган күбөлүгүн берүүгө айыптаган».
«[Чакиев] 2014-жылдын июлунда туризм тармагында биргелешкен иш алып баруу шылтоосу менен Ю.П. аттуу чет элдик жарандын ишенимине кирип, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешинин мүчөсүнүн жалган күбөлүгүн жазып берген. Өз кезегинде чет элдик жаран берилген күбөлүк үчүн [Чакиевди] материалдык жактан сыйлашы керек болчу», — деп жазылган ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Басма сөз кызматы «Ю.П.» кеңештин мүчөсү болуп эсептелбестигин кошумчалады.
«Ал кечээ пара берип жаткан жеринен кармалды. Ал сот баш коргоо чарасын белгилегенге чейин ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында болот», — деди ИИМдин өкүлү.
«Тазабек» маалымат агенттиги Чакиев милиция тарабынан анын ишмердүүлүгүнүн текшерилбеси үчүн пара берип жаткан. Басылманын маалыматы боюнча, чиновник акчадан сырткары «Ысык-Көл» пансионатына бекер жолдомо дагы сунуштаган.
Чакиев – маданият министри даражасындагы Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы. Ал 2014-жылы алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруп, өткөрүүгө жооптуу болгон.
Милиция 2014-жылдын аягынан бери оюндарды өткөрүү маалында бюджеттик каражаттарды өздөштүрүп алуу иш боюнча тергөө жүргүзүп жатат.