«Калыс» кыймылынын өкүлдөрү коомдук активисттер менен биргеликте бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү үчүн кол топтоо ниетинде.

«Калыстын» башчысы Жеңиш Молдокматов маалымат жыйынында бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү боюнча бир айлык кол топтоо акциясы башталгандыгын билдирди.

«Маселе бачабаздыкка каршы чыныгы күрөштү баштоого убакыт келгендигинде […] ИИМ коркуп жатат, прокуратура сандарды таптакыр ачыкка чыгарбай эле. Биз так сандарды билбейбиз», — деди Молдокматов.

Укук коргоочу Рита Карасартова Kloop.kgге берген маегинде эгер «Калыстын» демилгеси бачабаздарга карата өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына алып келсе, анда күнөөсүз адамдар да жабыркап калуулары мүмкүндүгүн айтты.

«А эгер ал соккуга күнөөсүз адамдар туш келип калса эмне болот? Ушуга чейин Мамлекеттик медициналык соттук экспертиза тармагында эч нерсе кылына элек болсо биз тигил же бул адам бачабаз деп кантип ишенимдүү айта алабыз? Менин оюмча, бейкүнөө адамдын өмүрү биздин бүгүн кандай чечимдерди кабыл алып жаткандыгыбыз тууралуу жакшылап ойлонуубузга татыйт», — деди ал.

Видео: Владимир Цай