Белорус драматургиясынын республикалык театрынын артисттери Кыргыз драмалык театрынын сахнасына алгачкы жолу чыгышты. Алар кыргыз режиссёру Шамил Дыйканбаев койгон «Тихий шорох уходящих шагов» пьесасын ойношту.

Белорус драматургу Дмитрий Богословскийдин «Тихий шорох уходящих шагов» пьесасында атасы каза болгондон кийин башкы каарман Александрдын ата-энесинин үйүнө кайтып келиши тууралуу баяндалат. Ал маалда эжелери ата-энесинин үйүн сатууну пландап жатышкан болот.

Башкы каармандын эжесинин ролун аткарган Беларус Республикасынын эмгек сиңирген артисти Людмила Сидоркевич пьеса кыргыз элине дагы, белорус элине дагы жакын деп эсептейт.

«Бул пьесада канчалаган маани жатат. Анда ата тегин жоготуу, мамилелердеги аргасыз абал тууралуу айтылат. Жакын адамдардын кантип чоочун болуп калары, эртеңки күндү кайрадан ойноп чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу тууралуу. Менин оюмча, бул көйгөйлөр кыргыздарга дагы, белорусттарга дагы өтө жакын. Өзүн үй-бүлө, калк, жөн гана адам катары чогултуу», — деди актриса Kloop.kgге курган маегинде.

Актёрлор спектаклди орус субтирти менен белорус тилинде ойношту.

Кабарчы: Улан Мырза

Тарткан жана монтаждаган Азат Рузиев