Милиция формасын кийген төрт адам Бишкектин борборундагы турак жай районунан өтүп бара жаткан адамдын колун кайрып, жеке унаагы түртүп киргизип алып кетишкен. Жергиликтүү тургундардын документтерин көрсөтүү өтүнүчтөрүнө формачан адамдар жаман сөздөр менен жооп беришкен.

Окуя 4-июнга караган түнү Бишкектин «Юг-2» кичи районунун №14 үйүнүн жанында болгон. Жергиликтүү тургун Алексей Петровдун айтымында, милиция формасын кийген белгисиз төрт адам жаш жигитти жеке унаага түртүп киргизүүгө аракет кылышкан.

«Унаа турган, үч милиционер менен формачан бир кыз болуп баланын колун кайрып башташты. Ал жардам сурап: «Мени эмнеге кармап жаткандыктарын билбейм. Себебин билгим келет», деп кыйкырып баштады», — деди күбө Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Жардам сураган кыйкырыктардан улам ал жакка жергиликтүү тургундар чуркап барышып, болжолдуу милиция кызматкерлеринен күбөлүктөрүн көрсөтүүлөрүн талап кылып башташкан. Бирок алар жашоочулардын өтүнүчтөрүнө жаман сөздөр жана «А сен кимсиң?» деген суроолор менен жооп беришкен.

«Биз документтериңерди көрсөткүлө деп, алардын ким экендигин так билүүгө аракет кылдык. Буга формачан кыз: «Сен кимсиң?», деп жооп берди. Мен ушул үйдө жашарымды, милиция менин тынчтыгымды бузуп жатканын айттым. Анан болду, ал кыз дудук болуп калганда эч нерсе деп сүйлөбөй калды», — деди Петров.

Формачан адамдар баланы ушул унаага салып кетишкен. Сүрөт: Алексей Петров.
Формачан адамдар баланы ушул унаага салып кетишкен. Сүрөт: Алексей Петров.

Күбөнүн айтымында, жашоочулар баланы унаага отургузуусуна тоскоол кылууга аракет кылышкан, бирок милиция формасын кийгендердин бири аларды ажыратууга аракет кылып жаткан домкомду бутуна тээп жиберген.

Петров «сыртынан караганда 18дердеги, бирок 22ден улуу эмес» бала формачан адамдар тарабынан күч колдонулганда ыйлап, жергиликтүү тургундардан аны милиция бөлүмүнө чейин коштоп барууларын өтүнгөндүгүн кошумчалады.

«Алар (белгисиз адамдар) кайсыл бир беренени айтышып, 102 номуру аркылуу чакыруу боюнча келгендиктерин билдиришти. Бирок биз жинди эмеспиз го, милициянын мамлекеттик унаалар менен жүрүшү керектигин билебиз да. Бул милициянын ушул райондо «акмалап» жүргөн алгачкы учуру эмес», — деди күбө.

Петровдун айткандарын «Твиттер» кичи блок платформасынын @Kulataeva аттуу колдонуучусунун билдирүүсү ырастап турат — ал формачан белгисиз адамдар балага жардам бергиси келгендерди «түрткүлөгөндүктөрүн» жазган.

«Үйдүн алдында менттер баланы сабап жатышкан. Бала өтө катуу кыйкырды. Аны коргоп үйдүн жарымы чуркап келди. Кошуналар номурларын жазып алышты. Мына сага мыйзамдын коргоочулары […]. Аны коргоого аракет кылган кошуналар менен домкомду түрткүлөштү», — деп жазган ал.

Күбөнүн айтымында, жыйынтыгында белгисиз адамдарга жеке номурлуу формачан кишилер кошулган соң баланы унаага түртүп киргизишкен. Анан жергиликтүү тургундар милицияны чакырышкан, алар андагылардын көрсөтмөлөрүн жазып алып, бала Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө экенин айтышкан.

«Биз 102ге чалдык, атайын белгилери бар эки мамлекеттик унаа келди. Көрсөтмөлөр менен унаалардын номурларын жазып алышты. Анан рация аркылуу аларга ал баланы Биринчи май РИИБсине алып баргандыктарын айтышты. Ал жактан ага кандай күнөө тагылышы мүмкүндүгүн билбейм, бирок кармоо маалында эч кандай мушташ болгон эмес деп так айта алам», — деди Петров.

Бишкектин милиция штабынын өкүлдөрү материал жарыяланып жаткан маалга карата бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болушту.

Видео: Алексей Петров.