Бишкектин Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан чыккан суу 20 метрлик бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттары Бишкек мэриясына шилтеме жасоо менен окуя «сыноо иштеринин» жыйынтыгында болгондугун билдирип жатышат.

Окуя Бишкек убактысы боюнча 17:00дө Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» дүкөндөр түйүнүнүн биринин жанында болгон.

Күбөлөрдүн айтымдарында, түтүктөн чыккан суу 20 метрге көтөрүлүп, жакынкы турак-үйлөрдүн бешинчи кабатына чейин жеткен.

Күбө Кылыч Куталиевдин «Sputnik» маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган видеосу.

Журналист Григорий Михайлов биринчилерден болуп окуя болгон жерде тарткан сүрөтүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырды.

Сүрөт: Григорий Михайлов.
Сүрөт: Григорий Михайлов.

Михайловдун экинчи сүрөтүндө көрүнүп тургандай, түтүктөн чыккан суу «Народный» супермаркетинин жазуусунун бир бөлүгүн жана ошол эле жерде жайгашкан дүкөндөрдүн баннердик жарнамасын бузган.

11406340_910558029011666_6856010406722146956_o-680x1024

vb.kg жаңылыктар сайты окуя болгон жерге жакын жайгашкан «Самсунг» электроника дүкөнүндө 300 миң долларлык жабдуу жарактан чыккандыгын жазды.

«24.kg» маалымат агенттиги муниципалдык «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын басма сөз кызматына шилтеме жасоо менен суу түтүгү «сыноо иштеринин» жыйынтыгында болгондугун билдирүүдө.

«Ал ысык суу менен камсыз кылууну кошууга даярдануудагы түйүндөрдүн тыгыздыгын текшерүү болгон», — деп жазган «24.kg» агенттиги мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүн.