8-июнь күнү эртең менен Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тыгында бир нече автоунаа, троллейбус жана маршруттук такси сүзүштү.

8-июнь күнү эртең менен Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында дагы троллейбус, эки жеңил унаа жана үч маршруттук такси бири-бирине сүзүшүп, жол кырсыгына кабылышкан. ЖККнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, каза болуп, жабыр тарткандар болгон эмес жана айдоочулардын бири-бирине дооматтары жок.