Бишкектин борбордук аянтындагы Кыргызстандын желеги өлкөнүн түндүгүндөгү катуу шамал маалында жыртылган. Улуттук гвардиянын аскерлери аны ошол замат жаңысына алмаштырышкан.

Катуу шамал Бишкектеги, Чүй жана Талас облустарындагы инфраструктуранын бузулушуна себеп болгон. Гидрометборбордун маалыматы боюнча, 8-июнда болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан.

Тема боюнча: Кыргызстандын түндүгүндөгү катуу шамалдын кесепеттери