Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов активист Болот Ибрагимов тарабынан видеого тартылып алынган Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) пара талап кылган инспекторлору жумуштан бошотулгандыгын билдирди. Чиновник алар кайрадан кызматка кайтып келип, жумушсуз өткөргөн мезгил үчүн компенсация ала ала тургандыктарын кошумчалады.

Жапаркулов ЖКК кызматкерлерин жумуштан алуу чечими Ички иштер министрлигинин 6-июлдагы жыйынында кабыл алынгандыгын билдирди.

Бирок ал жумуштан алынган кызматкерлер ИИМ коллегиясынын чечими боюнча сотко кайрылып, аны жокко чыгара ала тургандыктарын кошумчалады.

«Эгер алар сот тарабынан кайрадан мурунку ордуларына кайтып келе алышса, анда аларга жумушсуз өткөргөн мезгил үчүн акча төлөнүп берилет», — деп билдирди министрдин орун басары.

Кеп Болот Ибраимов тарабынан тартылып, 30-июнда интернетке жарыяланган чуулуу видеодогу каармандар тууралуу болууда — анда ЖКК кызматкерлери документтерин өз учурунда таба албай калган активист менен анын досторунан 5 миң сом талап кылышкан. Видео жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин ЖКК жетекчилиги ал кызматкерлерге сөгүш жарыялагандыгы белгилүү болгон.

Жапаркуловдун айтымында, ЖКК кызматкерлерин жазалоо чечимин кабыл алууда «милиция жетекчилиги дисциплинардык устав менен ички иштер органдарынын жеке курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобону колдонмо кылып алган».

«Катаалдантса деле болмок деп чечимдин жумшак экендиги тууралуу көп сөздөр болгон, бирок биз дисциплинардык устав менен ички иштер органдарынын жеке курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобону колдонмо кылып алганбыз», — деди ал.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал «белгисиз» адамдардын бири — Азирет Арызов — милиция тарабынан 7-июлда кармалып, «бейбаштык» айыбы менен убактылуу кармоочу жайга камалган.

Окуя кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жараткан. ИИМ башчысы Мелис Турганбаев окуянын иликтенишин жеке көзөмөлүнө алган — ЖКК инспекторлоруна «сөгүш жарыяланып», а «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» издөөгө жарыяланышкан.