Белгисиз кыз Абдрахманов көчөсү менен бара жаткан кичи автобустун үстүнө чыгып алган. Ал көрүнүш тартылган видео интернетте 14-июлда пайда болду.

Видео көңүл ачуучу «Намба» порталында пайда болду, аны Romeo Roma аттуу колдонуучу 14-июль күнү күндүз жайгаштырган.

Видео маршруттук таксинин артынан бара жаткан автоунаанын видеорегистраторуна тартылган.

Кичи автобустун жүргүнчүсү терезе аркылуу анын үстүнө чыгып, колдорун жайып бир канча жерге чейин барган. Анын жанынан өтүп бара жаткан унаалар сигнал берип башташкан. Видеонун авторунун айтымында, андан соң кызды маршруттук таксинин үстүнөн түшүрүшкөн.

«[Айдоочулар] сигнал берип башташты, бустун айдоочусу этияттык менен токтоп, кызды түшүрүп андан ары кетип калды», — деп билдирген видеонун автору Romeo Roma.

Борбордун Жол кайгуул кызматынан маршруттук таксинин айдоочусу «административдик жоопкерчиликке» тартыларын жана эгер ал кармалса ага карата чара көрүлөрүң билдиришти. Видеонун каарманы болгон кызга да айып каралган.

«Кандай болгон күндө да айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылат. Эгер ал кармалса административдик протокол түзүлөт, чара көрөбүз, айып салынат», — деди ЖККнын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева.