Kloop.kgнин кабарчылары жаңы спорттук залдын ачылышында болушуп, анын алгачкы кардарлары менен маектешип келишти.

28-июлда Бишкектин Тоголок Молдо атындагы гүлбакчасында шаардагы алгачкы көчө спорткомплекси ачылды. Спорттук жабдуулар түркиялык өнөктөштөр тарабынан Бишкек мэриясына кайтарымсыз негизде берилди.