27-июль күнү эртең менен белгисиз адам жолдун ортосуна уктап калып, Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги унаа тыгынынын пайда болушуна себеп болгон. Медиктер ал адамдын мас абалында экендигин аныкташты.

YouTube сервисинин Maxx Zo аттуу колдонуучусу белгисиз адам Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде уктап калып, унаа тыгынын жараткандыгы тартылган видео жарыялады.

Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчердик бөлүмүнөн Kloop.kgге ал жерге барган дарыгерлер аны «алкоголдук ичимдик ичкенден улам баш мээсинин чайкалуусу» диагнозу менен Улуттук госпиталга жеткиришкендигин билдиришти.