Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Бул кадрлар 2014-жылдын сентябрында Кажы-Сайда жана анын айланасында тартылган.
Качан мен Кажы-Сайга жетип, автобустан түшөөрүм менен мага бир орус бала «СССРге кош келиңиз» деп күлүмсүрөгөн. Анын айтканы чын болуп чыкты: мында кандайдыр бир өзгөчө оор сезилген сыйкырдуу күч бар эле.
Менин санаторийдеги бөлмөмдүн чайынмасынан саргылт түстөгү жагымсыз жыттанган суу агып, дал ошол суу мейманкананын кардарларын өзүнө тартат экен. Ал суунун курамында «радон» (медицинада колдонулуучу радиоактивдүү химиялык элемент) болушу керек.
Туристтик сезон аяктап калгандыктан мен мындагы жалгыз коноктордун бири болдум окшойт.
Кийинки бир нече күндү көлдүн жээгинде жана Кажы-Сайдын өзүн аралап өткөрдүм. Андагы адамдар өтө меймандос келишет экен.
Мен бул жерде уран чыгарылганы жана Советтер Союз тарагандан кийин каралбай калган өнөр жай тууралуу уккам. Чоң шаарларга кетип калуу азгырыгына берилбестен мында калган жаштар өтө эле аз экен.
Мен да көл жээгинде жайгашкан кичинекей ресторан таап алып, ал жакка түштөнүү же кечки тамак ичүүгө барып жүрдүм. Ал эми ылайыктуу аба ырайы болуп калса көлгө чөмүлүп алчумун.
Мен өзүмдү жомокто жүргөндөй сездим: күн нуру суугө төгүлүп, алыс эмес жерде ак кардуу тоолор асман тиреп турду, мунун баары дароо эле кандайдыр бир мааниге ээ боло түшкөнсүйт.
Мен абдан үшүгөнгө чейин суудан чыкпай, анан кумга жатып денемдеги сууну күн нуруна кургатып жүрдүм.
Менин бөлмөмдө бир бөтөлкө арак турган. Кээ бирде аны алып алып санаторийдин чатырына чыгып, кооз кыштакка суктанып отуруп калчумун.
Мен өзүмө «эмнеге бул жакта бүт бардыгы тең кароосуз калгандай сезилип жаткан?», деп суроо салчумун.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар