29-июль күнү күндүз Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинде «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа менен мотоцикл сүзүшүп, скутердин айдоочусу жана жүргүнчүсү оорукана жеткирилишкен.

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай мотоцикл менен «Мерседестин» ортосундагы кырсыктын кесепеттерине күбө болгон. Мотоциклдин айдоочусу менен жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы 29-июль күнү күндүз Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинде болгон.

«Мерседестин» айдоочусу Манас проспектиси менен барып Жибек-Жолунан батышты көздөй бурулуп жатып   ошол эле көчө менен чыгышты көздөй бара жаткан мотоцикл менен сүзүшкөн.

«Мерседести 1984-жылкы кыз башкарып бара жаткан. Жибек-Жолу менен кесилишкен жерден ал солго кайрылган да 1971-жылкы кишинин башкаруусундагы мотоцикл менен сүзүшкөн. Мотоциклде жүргүнчүсү да болгон», — деди ЖККнын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева.

Анын айтымында, мотоциклдин айдоочусу менен жүргүнчүсү ЖКК кызматкерлери барганга чейин эле ооруканага жеткирилишкен.