Шагыл жүктөлгөн КамАЗ Чоң Чүй каналындагы көпүрөдөн 1-август күнү күндүз кулап кеткен. Азырынча ӨКМдин кызматкерлери унааны суудан алып чыгыша элек. Айдоочусу кабинадан сүзүп чыккан соң ооруканага жеткирилген.

Kloop.kgнин кабарчылары ӨКМ кызматкерлеринин жүк унаасын Буденный көчөсүндөгү көпүрө астынан алып чыгуу аракеттерин видеого тартышты.

Материал жарыяланып жаткан учурга карата КамАЗ дагы деле суудан чыгарыла элек болчу — куткаруу кызматында тиешелүү техника жок болуп чыкты.

«Биз ал жакка барсак ал [жүк унаасы] жүктөлгөн экен. Анда 15 тонна шагыл бар экен, а унаанын өзү дагы 15 тонна. Ал жакка 50 тонналык кран керек. А бизде эки «ГАЗель» гана бар — болгон күчүбүз менен каражатыбыз ушул. Эми аны ким алып чыгат билбейм», — деп түшүндүрдү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын тынымсыз байланыш кызматынын өкүлү.

Жүк унаасы каналга кулап түшкөн соң анын айдоочусу суудан сүзүп чыккан да ал жакка чакырылган тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Kloop.kgге №1 шаардык клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, 2-август күнү эртең менен айдоочу ооруканадан чыккан.