Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен келди. «Манас» аба майданында аны кыргыз өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Атамбаевден сырткары Бердымухамедовду аба майданынан кыргыз министрлери жана президенттик аппараттын сырткы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тосуп алышты.

Бул Бердымухамедовдун президент катары Кыргызстанга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары.

Эки өлкөнүн президенттеринин соода-экономикалык, отун-энергетикалык жана транспорттук маселелер боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылдын мартында эле Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо каалоосу тууралуу билдирген.

«Спутник» маалымат агенттиги Кыргызстан Түркмөнстандан жылына 500 миң тоннага чейин нефть импорттой турганын билдирүүдө.

Отун-энергетикалык тармагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр 2014-жылдын ноябрында, качан кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев алгачкы жолу Ашхабад шаарына иш сапары менен барганда башталган.