Kloop.kgнин кабарчысы өрт өчүрүүчүлөрдүн Бишкектин Жибек-Жолу проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишиндеги тутанган өрткө каршы күрөшүүсүнө күбө болду. Өрт 8-августта болгон, аны өчүрүүгө бир сааттай убакыт талап кылынган.

Өрт кытай тилин үйрөтүү курстары, дарыкана, азык-түлүк жана кийим дүкөнү жайгашкан бир кабаттуу имаратта тутанган.

Өрт кызматынан кабарлашкандай, болжолдуу маалыматтар боюнча, имараттын 150 метр чарчы аянттагы чатыры күйүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан өрттү өчүрүүгө 51 мүнөт жана төрт өрт өчүрүү унаасы талап кылынгандыгын билдиришти. Азырынча өрттүн чыгуусунун себептери аныктала элек.