Kloop.kgнин кабарчылары Боом капчыгайындагы шагыл кумдун урашынын кесепеттерин видеого тартып келишти. Окуя 12-августта — миңдеген кыргызстандыктар менен чет элдик туристтер Ысык-Көлдө эс алып жаткан сууга түшүү сезонунда болгон.

Транспорт жана байланыш министрлигинин кызматкерлери шагыл кум урап түшкөндөн дээрлик бир суткадан кийин Бишкек-Балыкчы унаа жолун тазалап бүтүштү.

Видео тартылган маалда шагыл ураган жерде үч грейдер (тазалоо техникасы) жана бир нече самосвал иштеп жаткан.

Боом капчыгайында шагыл кумдар 12-август күнү болжол менен 14:30да ураган.

Андан улам жол жабылып, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кыймыл дээрлик бир сутка тосулуп турган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Туристтик сезон күчөп турган маалда шагыл кумдун урашынан улам эки багытты көздөй бара жаткан жүздөгөн унаалардан турган тыгын пайда болгон. Андагы унаалар жолдун ал бөлүгү тазаланып бүткөнчө 5-6 саат бою жол аркылуу өтө албай турушту.

Бишкек-Балыкчы унаа жолу Кыргызстандын борбору менен Ысык-Көлдү бириктирип турган ири транспорт артериясы болуп эсептелет.

Жергиликтүү ЖМКлар 13-август күнү эртең менен өкмөт кырсыктын себептерин териштирерин билдиришкен.

Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Улан Уезбаевдин айтымында, эгер окуяга министрликтин кызматкерлери күнөөлүү болуп чыгышса, анда алар кызматтарынан алынышат.

«Фэйсбук» социалдык түйүнү менен «Твиттер» кичи блог системасынын колдонуучулары шагыл таштардын урашына күбө болушуп, окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр менен видеолорду өз профилдерине жайгаштырышкан.

Видео: Владимир Цай жана Виталий Белошапкин.
Текст: Малика Баяз.