Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова саясатчыга карата чыгарылган өкүмдү мыйзамсыз деп эсептейт. Анын өкүм боюнча жазган даттануу арызын кабыл албай койгондуктан ал Ош облустук сотунун судьяларын «укуктук тартипсиздикке» айыптоодо.

Мырзакматов Ош шаарындагы асма көпүрөнүн курулушунда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айып менен 22-июлда 7 жылга сырттан соттолгон. Экс-мэрдин өзү ага карата кылмыш иши козголгондон бери Кыргызстандын сыртында жүрөт.

Жакупбекова Мырзакматовго карата чыгарылган өкүмдү «мыйзамсыз» деп эсептейт — жактоочу бул боюнча Ош облустук сотуна даттануу арызы менен кайрылган, бирок анын өтүнүчү четке кагылган.

«Өз ара сот залында кеңешүүгө милдеттүү болгон [Ош облустук сотунун] судьялар көп эле жолу имараттан чыгып, кайсыл бир жакка кетип жатышкан. Мында телефондук чалуу сыяктуу жолдор менен аларга карата таасир этүүлөр болгон болушу мүмкүндүгү көрүнүп турат», — деди жактоочу.

Мырзакматовдун азыр кайсыл жакта экендиги белгисиз.

Мурдагы мэр «Ата Мекен» партиясынын шайлоо алдындагы тизмесинин алдыңкы саптарында, бирок кылмыш ишинин фонунда анын шайлоого кантип катышканы жаткандыгы азырынча белгисиз.

«Азаттык» радиосунун билдирүүсүнө ылайык, сот өкүмү күчүнө киргендиктен улам Боршайком Мырзакматовдун шайлоого катышуусуна тыюу салган. «Ата Мекен» партиясынын өзү мурдагы мэрди партия тизмесинен чыгаруу ниети жок экенин билдирүүдө.

Со-автор: Адина Жолдошбек кызы