Президент Алмазбек Атамбаев «Ислам мамлекетинин террористтерин» жок кылуу боюнча 16-июлда өткөрүлгөн атайын операцияга катышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин медалдар, грамота жана президенттик сааттар менен сыйлады.

Өлкө башчысы «эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерин» жок кылгандыктары үчүн УКМКнын кызматкерлерине «Эрдик» медалын, грамоталарды жана президенттик сааттарды тапшырды.

«Атайын багыттагы жоокерлердин атайын операциянын жүрүшүндөгү аракеттери абдан так ишке ашырылды деп эсептейм. […] Негизгиси террорчулар арам ойлорун ишке ашыра албай калды. Болбосо тынч элдин арасында көп курмандыктар болушу ыктымал эле», — деп билдирди Атамбаев.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлеринин «профессионалдуу аракеттери» «эртеңки келечегибизге ишенимди арттырат», а операцияга катышкан ар бир жоокер курман болуп калышы мүмкүн болчу.

«Атайын операцияга катышкан ар бир жоокер курман болуп калышы мүмкүн эле. Ал жерде  атайын аскердин төрт жоокери жарадар болду. Алардын бирин автоматты дээрлик такап туруп аткылашкан. Биздин өлкөбүздө  жарандарыбыздын  тынч турмушу жана жергебиздин бейпилдиги үчүн  өмүрүн курмандыкка чалчу тайманбас, эр жүрөк уулдарыбыз бар экендигине сыймыктанам. Мунун өзү эртеңки келечегибизге ишенимди арттырат», — деди президент.

Атамбаев өлкөдө террористтик коркунучтун деңгээли «кыйла жогору» экенин билдирди. Айтымында, Улуттук коопсуздук органдары 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында 10 теракттын жана диверсиянын алдын алып, экстремисттик мүнөздөгү 40тан ашуун топторду аныктоого жетишишкен.

«[…]Мындай жагдай  УКМК органдарынын жана жалпы күч түзүмдөрүнүн иш-милдети арбып, жоопкерчилиги өсүп жаткандыгын туюндуруп турат. Ушул шарттарда террористтик жана экстремисттик көрүнүштөрдү аныктап, аларга жол бербөө иштерин ырааттуулук менен жүргүзүү үчүн  контртеррористтик ишмердиктин жетишкен динамикасын бекемдөө зарыл экендиги талашсыз», — деп билдирди президент.

«Согушкерлерге» каршы операция

«Согушкерлерге» каршы атайын операция 16-июлда Бишкекте жана шаардын четинде өткөрүлгөн. Алардын жүрүшүндө сегиз куралдуу адам жок кылынган — төртөөсү Бишкекте жана дагы төртөө шаар четинен. Ыкчам топтун кызматкерлери тараптан төрт аскер жаракат алган.

Атайын кызматтагылар атышуунун катышуучуларын «Ислам мамлекетинин «согушкерлери» деп аташкан. Аталган уюм Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

УКМКнын маалыматы боюнча, «согушкерлер» эки жардыруу уюштурууну пландашкан: бирөөсүн — Канттагы орус авиабазасында, экинчисин — майрамдык Айт намаз окулган аянтта.

Бишкектеги операция эки жарым саатка созулуп, анын жүрүшүндө тутанган өрттөн улам беш жеке турак-үй өрттөнүп кеткен. Атайын операциялар 17-июль күнү эртең менен эч кандай жаңжалсыз тынч өткөн масштабдуу Айт намазынан бир күн мурун өткөрүлгөн.

Атайын кызматтагылардын акыркы маалыматтары боюнча, «согушкерлерди» каржылоого «Ак-Жол» партиясынан парламенттин мурдагы депутатынын тиешеси бар болгон жана ал учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.