Жарандык активисттер тобу кыргыз депутаттарынан «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну талап кылышты.  Алардын айтымдарында, эгер мыйзамдын кабыл алынышы процессин «создуктурса», анда Кыргызстанда «педофилия, кан аралашуу, бир жыныстуулардын баш кошуусу жана балдарды өлтүрүү норма болуп калат».

Өздөрүн «патриоттор» деп атаган бир нече коомдук кыймылдардын өкүлдөрү «гей-пропагандага тыюу салуу тууралуу» мыйзамды «тез арада кабыл алуу» чакырыгы менен  депутаттарга кайрылышты.

Активисттер мыйзамды кабыл алуу процессин создуктурууга алардын пикири боюнча кыргыз жаштарын «жаман жолго салып жаткан» чет элдик бейөкмөт уюмдар күнөөлүү деп эсептешет.

«Бүгүн биздин өсүп келе жаткан муунга бир жыныстуу баш кошууларды пропагандалашат. А эртең болсо кан аралашууну пропагандалап, бүрсүгүнү бала өлтүрүүчүлүк менен алектенебизби? […] Биз укук коргоо органдары жаштарыбызды жаман жолго салып жаткан чыныгы кылмышкерлер [чет өлкөлүк бөйөкмөт уюмдар] менен алектенүүсүн талап кылабыз», — деп билдирди Алмазбек Жазыбаев.

Дагы бир активист Дүйшөн ажы Абдылдаев кээ бир ЖМКлар «андай көрүнүштөрдү пропагандалоого» көмөктөшүп, гейлер менен лесбияндардын укуктарын коргоо боюнча кыймылдарды колдоп жатышат деп эсептейт.

«Алар [ЖМКлар] ал көрүнүшкө антипропаганда камсыз кылуулары керек», — деди Абдылдаев.

Бир катар чуулуу аракеттери менен белгилүү «Кырк чоро» кыймылынын активисти Калыс Жолалиев «кыргыз менталитетинде» гомосексуалдарды колдошпойт деп эсептейт.

«Гейлерге каршы» мыйзам 2014-жылдын жазында демилгеленип, кыргыз парламентинин эки окуусунан өтүүгө жетишти. Документ Орусияда 2013-жылы кабыл алынган «гей-пропагандага тыюу салуу» жөнүндөгү мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет.

Мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарында «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо» үчүн 1 жылга чейин эркинен ажыратууга чейинки жаза сунуштайт.

Гей-активисттерге кол салуу

«Гейлерге каршы» мыйзамдын парламентте каралып жатышынын фонунда коомдук патриоттук кыймылдар делинген бирикмелердин мүчөлөрү гейлердин укуктарын коргогондорго бир нече жолу кол салышкан.

Алсак, 2015-жылдын майында үч коомдук кыймыл — «Кырк чоро», «Калыс» жана «Кыргыз эл жаштар кеңеши» — «Гомофобияга каршы күрөшүү күнүнө» карата жабык иш-чара өткөрүп жаткан гей-активисттерге кол салышкан.

Кол салуулардын белгилүүлөрүнүн дагы бири — украиналык эркектердин Kazaky бий тобунун концертинин үзгүтүккө учурашы. 2014-жылдын 17-октябрында «Калыс» кыймылынан чыккан 300гө жакын «гейлердин каршылаштары» борбордогу Guns’n’Roses клубунун алдына чогулушуп, мекеме жетекчилигинен концертти токтотууну талап кылышкан.

Митингдин катышуучулары «салттуу баалуулуктар» үчүн жана «гейлерге каршы» чыгып жаткандыктарын билдиришкен. Жыйынтыгында концерт үзгүлтүккө учурап, клубдун ээлери ири чыгымга дуушар болушкан.

«Гейлерге каршы мыйзам»

Парламент «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун 2014-жылдын күзүндө карап башатаган. Документ 2014-жылдын октябрында биринчи окууда кабыл алынган — анда жыйынга катышкан 86 депутаттын 79у мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн добуш беришкен. Депутаттардын бир бөлүгү документтеги терминдердин «субъективдүүлүгүн» белгилешкен.

Анда эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Мыйзам долбоору эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдүн сын-пикирлерин жараткан. Европалык парламенттин депутаттары ушул жылдын 15-январында кыргыз парламентарийлерин мыйзам долбоорун чакырып алууга чакырышкан.

«Европалык парламент […] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», — деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө өлкөлөр дагы кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун чакырып алууга жана аны кароону токтотууга чакырышкан.

Бирок документтин демилгечилери аны чакырып алуудан баш тартышып, Европарламент менен БУУнун Кеңешинин сын-пикирлерин — «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү» деп аташкан.

Жергиликтүү укук коргоо уюмдары мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп атап келишет.