Кыргызстандын «Азия Микс» КВН командасы 2015-жылкы «Голосящий КиВиН» фестивалында 3-орунга ээ болуп, «Большой КиВиН в тёмном» сыйлыгын алды. Фестиваль 6-сентябрь күнү кечинде Орусиянын «Биринчи каналынын» эфиринен көрсөтүлдү.

2015-жылы «Голосящий КиВин» алгачкы жолу Латвиянын Юрмаласында эмес, а Калининграддын Светлогорскисинде өттү.

Фестивалга 20 команда катышты, алардын ичинде КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиондору «Триод и Диод» менен МГИМОнун «Парапапарам» командалары бар.

Биринчи орунду жана «Большой КиВиН в золотом» сыйлыгын Москванын Эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунун «Парапапарам» командасы; экинчи орунду жана «Большой КиВиН в светлом» сыйлыгын Астананын «Спарта» курамасы, а үчүнчү орунду жана «Большой КиВиН в тёмном» сыйлыгын «Азия Микс» кыргыз командасы алды.