Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) кызматкерлери Свердлов районундагы жолдордун унаалар өтчү бөлүгүндө башаламан соода кылгандарга каршы рейд өткөрүштү.
8-сентябрда Тоголок Молдо көчөсүндөгү башаламан соода кылууларды жоюу менен Бишкек ЖККсынын Техникалык жана жол көзөмөл бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору алектеништи. Иш-чара «Башаламан соода кылуу» аталышындагы рейддин алкагында өткөрүлдү.
Инспекторлордун өзүлөрү рейд «күтүүсүз эмес, а пландалган рейд» экенин жана мекеме башчысы Сергей Дьяченконун буйругуна ылайык, ал 25-сентябрга чейин уланарын айтышты.
Свердлов району боюнча Жол көзөмөл бөлүмүнүн улук инспектору Азат Ибраевдин айтымында, башаламан соода кылуу жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратууда — товарды сатып алууну каалаган айдоочулар жолдун унаалар өтчү бөлүгүнө токтошуп, кыймылды оорлотуп жатышат.
«Кардарлары азык-түлүк сатып алуу үчүн токтошуп, унааларын туура эмес жерлерге коюп жатышат. Өз кезегинде жолдун унаалар өтчү бөлүгү ичкерип, тоскоолдуктар жаралууда», — деди Ибраев.
Рейддин жүрүшүндө жолдун унаалар өтчү бөлүгүндө соода кылып жаткан жеке ишкерлерге эскертүү берилди. Эгер башаламан соода кылып жаткандар бир сутканын ичинде товарларын алып кетишпесе, анда алар 500 сомдон жогору болгон административдик айып пул төлөөгө милдеттүү болушат.
Бирок соода кылып жаткандардын баары эле ЖКК кызматкерлеринин айткандарын көңүлдөрүнө жакын алышкан жок окшойт. Алар рейд аяктаган соң азык-түлүктөрүн ошол эле жерде сатууларын улантышты. Кээ бирлери автоунааларын жаап, рейд аяктаганга чейин күтө туруу үчүн четирээк басып кетишти.