Кыргыз ССРинин мурдагы жетекчиси Турдакун Усубалиевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Аны менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрь күнү эртең менен борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн.

Жерге берүү зыйнаты:

Кыргыз ССРинин мурдагы жетекчиси Турдакун Усубалиев менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрь күнү эртең менен Ала-Тоо аянтында өттү.

Коштошуу зыйнатынын толук видеосу:

Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мурдагы биринчи секретары Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз ССРинин чыныгы башчысы болгон.

Ал бүгүн, 9-сентябрда, Ала-Арча көрүстөнүндөгү жубайынын сөөгүнүн жанына коюлат.