Ош облусунун Жаңы-Арык айылынын жашоочулары биринчи класстын окуучусун автоунаа сүзүп кетип, бала каза болгондон кийин Бишкек-Ош унаа жолунун айылдагы бөлүгүн тосуп, мектепке жакын жерге унаа айдоочуларын ылдамдыкты азайтууга мажбур кыла турган жасалма тоскоолдуктардын орнотулушун талап кылышты. Жол бийликтин «талаптарды карап чынуу» убадасынан кийин ачылды.

Өзгөн жана Ош шаарларынын ортосунда жайгашкан Жаңы-Арык айлынын жашоочулары 9-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун айыл аркылуу өтчү бөлүгүн тосушту.

Алар жергиликтүү администрациядан жолдун мектепке жакын жайгашкан бөлүгүнө жасалма тоскоолдуктарды, жол чырактарын орнотуп, мүмкүн болсо жер астынан өтчү жол курууну талап кылышты.

Күн мурун, 8-сентябрда, мында бир кичинекей бала каза болгон — Жалал-Абаддын жашоочусу «Opel»  үлгүсүндөгү унаасы менен жергиликтүү мектептин 1-классында окуган баланы сүзүп кеткен. Көп өтпөй ал Ош облустук ооруканасында каза болгон. Жол тосууга Жаңы-Арык айлынын жашоочулары менен бирге каза болгон баланын ата-энеси да катышышты.

«Учурда адистер ата-энелердин талаптарын карап, жол чырак орнотууга ылайыктуу жерлерди аныктап жатышат. Бирок албетте бир учурду эске алуу керек — эл аралык маанидеги унаа жолуна жасалма тоскоолдуктарды орнотууга болбойт. Азыр тиешелүү органдардын кызматкерлери бул көйгөйдүн үстүндө иштеп жатышат», — деди Ош облустук ИИББсинин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgнин кабарчысына.

Ошондой эле ал биринчи класстын окуучусун сүзүп кеткен айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын белгиледи.

Бийликтин жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселени карап чыгуу убадасынан кийин жол ачылды.