Рэпперлер Эрмек Мырзабеков менен Медербек Ырсалиев кезектеги жаңы ырын чыгарышты. Ал Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин кайтарымсыз гранттарды алышына арналган.

Августтун башында vb.kg интернет-басылмасы Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин ЕАЭБ аймагына интеграциялануу үчүн керектүү болгон тезникалык жабдууларды сатып алуудагы коррупциялык схемалары тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Долбоор RAP View деген аталышта чыгат жана Kloop.kgнин техникалык колдоосу менен даярдалат. Тексттин мазмуну Kloop.kgнин редакциясынын позициясы менен дал келбеши мүмкүн.