Борбордогу Жукеев-Пудовкин, Ауэзов жана Ганди көчөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү иштерин алгач пландалгандан эки айга кеч, 2015-жылдын октябрынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Аталган үч көчөнү оңдоо иштери 2015-жылдын июнунда башталып, 31-августка карата аякташы керек болчу. Бирок Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов 14-сентябрда оңдоо иштери ушул жылдын октябрынын аягында бүткөрүлөрүн билдирди.

«Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү оңдоо иштерин 10-октябрга, Ауэзов көчөсүндөгү оңдоо иштерин 31-октябрга карата толугу менен аяктоо пландалууда. Ал эми Махатма Ганди 20-октябрга карата бүткөрүлөт деп күтүп жатабыз», — деди шаар башчысы.

Премьер-министр Темир Сариев тарабынан Бишкектин көчөлөрүнүн абалы боюнча учурдагы мэрдин дарегине бир нече жолу сын-пикирлер айтылган. 2015-жылдын августунда өкмөт башчысы шаардагы жолдордун курулушунун темптери боюнча нааразычылыгын билдирген.

«2014-жылы жалпысынан 5,4 чакырым жол оңдолгон. Жаңы курулгандары болсо сапатсыз болгон. Кээ бир көчөлөрдө азыркыга чейин иштер жүрүүдө, тротуарлар менен ирригацияны унутуп калышкан. Долбоорлор жакшылап ойнонуштурулган эмес. Жазында жолдордун баары талкаланды», — деп билдирген анда премьер.

Жукеев-Пудовкин, Ауэзов жана Ганди көчөлөрүн оңдоого 500 миллион сом жумшалган.

Жумушчулар жолдун үстүнкү катмарын алышып, асфальт төшөп бүтүшкөн. Тротуарлар менен көчөнү жарыктандыруу иштерин октябрдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

«Биз жол төшөлмөсүн дээрлик аяктадык. Азыр жайлуулук боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз — алар тротуарларды куруп, көчөлөрдү жарыктандыруу», — деп түшүндүрдү Кулматов.

Оңдоо иштери толугу менен аяктай электигине карабастан Ганди атындагы көчө автоунаалар үчүн 12-сентябрда ачылган.

Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан сурамжыланган жергиликтүү тургундар жол начар болуп калганын, а оңдоо иштеринен улам пайда болгон ыңгайсыздыктардын айынан автоунаалардын жүрүүчү бөлүктөрү бузулуп жаткандыгын айтышты.

«Унаа кырсыктары көп болуп баштады, анткени жолдун кээ бир бөлүктөрү жабык. Көрүп турганыңыздардай жөө адамдар өтчү жерлер көрсөтүлгөн эмес, тиешелүү белгилер түшүрүлгөн эмес», — деп нааразычылыгын билдирди такси айдоочусу Нурбек.

«Жол бийик болуп калды, унааны жол жээгине токтоткондо анын жүрүүчү бөлүгү тийип калууда. Люктарды жабышпайт, алардын ордуна бутактарды сайып коюшкан», — деди ал.

Тема боюнча: Бишкектин Жукеев-Пудовкин жана Ганди көчөлөрү 30 жылдан бери биринчи жолу оңдолот [+ видео].

Тема боюнча: Сүрөт: Бишкек мэриясы Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн кантип оңдоодо?