12-сентябрда борбордогу түнкү клубдардын биринде «White Rabbit’s Party» аталышындагы кече өтүп, анын алкагында тверк-бийчилер бийлеп, ич-кийимдер көрсөтүлүп, «Rabbit Killer» — «өлтүргүч-коен» шоу көрсөттү.

«Гараж 312» түнкү клубунда белгилүү бий аткаруучусу жана диджейден турган «Shakatak Team» тверк-командасы бийледи.

Тверк бийлөө — бүткүл дүйнө сыяктуу эле Кыргызстан үчүн да салыштырмалуу жаңы тенденция. Бишкекте мындай шоу биринчи жолу болду.

Тверк — бул бийдин акыркы жылдары популярдуулукка ээ болуп келе жаткан багыты. Анын кыймылдарында жамбаштар, сандар, курсак жана колдор активдүү колдонулат, бирок ошол эле маалда дененин башка бөлүктөрү дээрлик толугу менен кыймылсыз болот.

Ошондой эле кечеге бир нече жыл мурун популярдуу болгон «Отбросы» («Misfits») сериалындагы өлтүргүч-коен — Rabbit Killer да келди. Ал каарман сериалдын 4-сезонунун 6-эпизодунда маңзатын колдонуу эффектисинен улам галлюцинация түрүндө пайда болот.

Шоуну көрүүгө клубдун көпчүлүк бөлүгүн толтурган 300гө жакын киши келди.