Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын директору Кубаныч Колхожоевдин кармалышы тартылган видео таратты. Ал УКМК кызматкерлерине 10 миң доллар пара берүүгө аракет кылган деп айыпталууда.  

Видеодо Колхожоевдин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 10 миң доллар өлчөмүндөгү пара берип жатканда кармалган учуру тартылган. Атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, ал «аскердик объектилердин курулушундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча текшерүү иштерин токтотуу» үчүн 10 миң доллар пара сунуштаган.

«Аскер Курулуш» — мамлекетке баш ийген ири ишканалардын бири. Ал Коргоо министрлигине бекитилген жана көбүнчө аскердик объектилерди куруу менен алектенет.

Башкы штабдын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасы Коргоо министрлигинин карамагында болгону менен кармалган башчы «жарандык адам» болуп эсептелээрин жана мекемеде келишим боюнча иштей тургандыгын билдиришти.

«Негизи ал [кармалган адам] албетте жарандык адам. Ал биз менен келишим боюнча иштейт», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Кубанычбек Колхожоев 2011-жылы Коргоо министрлигинин курулуш жана аскерлерге батир берүү башкармалыгын полковник наамындагы башчысы болгон.

Мекеменин басма сөз кызматынан ал 2012-жылы пенсияга чаккындыгын белгилешти.

Колхожоевге каршы Кылмыш кодексинин «Пара берүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта.