Бийлик тарабынан Бишкекте өткөн антитеррористтик операция маалында жабыркагандар үчүн жаңы үйлөр курулуп бүтө элек. Атайын операция эки ай мурда — 16-июлда өтүп, Ислам мамлекетинин согушкерлери деп болжонгон топко каршы багытталган. Анын жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын беш турак-үйү күйүп кеткен болчу.

Учурда 2015-жылдын 16-июлунда өткөн антитеррористтик операция маалында күйүп кеткен үйлөрдүн ордунда жаңыларын куруу иштери жүрүүдө. Kloop.kgнин кабарчылары курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу үчүн ал жерде болуп кайтышты.

Буга чейин щаар бийлиги курулуш иштерин парламенттик шайлоо өтчү 4-октябрга чейин аяктоону убадалаган.

Жалданма компаниянын өкүлү Акылбек Чокморовдун айтымында, «курулуш иштери кызуу жүрүп жатат» жана 30-сентябрда аяктайт.

«Дубалдардын бардыгы тургузулуп, чатырлары жабылды. Убагында аяктоого аракет кылабыз», — деди ал.

Күйүп кеткен үйлөрдүн жашоочулары Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маектеринде азырынча компенсацияны жабырлануучулардын бардыгына төлөп бере электиктерин айтышты. Алардын көпчүлүгүнө батир алып жашоого туура келүүдө.

Антитеррористтик операция өткөн үйдүн өзүндө азыркыга чейин тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Азырынча аны кабылына келтирүү иштери баштала элек.

Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрт 16-июль күнү кечинде, согушкерлер жашынган үйгө чабуул жасоо маалында башталган. Өткөрүлгөн атайын операциядан кийин жакын жайгашкан үч үй толугу менен талкаланган. Жалпысынан андагы өрттөн атайын кызматтагылар чабуул жасаган үйдү кошкондо беш турак-үй жабыркаган.

Тема боюнча: УКМК: Жок кылынган «согушкерлер» — «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрү болушкан [+ сүрөт]

Видео: «Согушкерлер» менен атышууда күйүп кеткен үйлөр

Бишкекте өткөрүлгөн атайын операция: жабыркагандарга жардам көрсөтүү өнөктүгү башталды