Кыргызстандык кыздардын башка улуттагы адамдар менен байланышуусуна каршы болуп келген чуулуу «патриоттор» тобунун мүчөсү мекендешин зордуктаган деген айып менен Москвада кармалды.

14-сентябрда 20 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталгандыгы тууралуу Кыргызстандын ИИМинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган — бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн Орусиядагы элчилигине шилтеме жасап жазып чыгышты.

Жабырлануучунун айтымында, 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү Майрамбек аттуу бала аны алдап көңүл ачуучу түнкү клубка алып барган — ал кызды ошол клубка тазалоочу жумушуна орноштурам деп убада берген. Бирок анын ордуна ал кызга күч колдонуп, аны «зодуктап койгон».

Майрамбек кыз бул тууралуу эч кимге айтпасын деп шантаждоо үчүн зордуктоону видеого тартып алган.

«Ал өзүн «патриоттук топтун» мүчөсүмүн деп зордуктоо аракетин видеого тартып алган. Эгер кыз кийин аны менен жыныстык катнашка барбаса же бирөөлөргө айтса же укук коргоо органдарына кайрылса анда видеону интернетке жайылта тургандыгын айтып, коркуткан», — деп жазган «АКИpress» маалымат агенттиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин билдирүүсүн.

Кыргыз жана орус укук коргоо органдарынын кызматкерлери изин суутпай жерлиги Ош облусу болгон 28 жаштагы Т. Майрамбек аттуу жаранды кармашкан. Алардын маалыматтары боюнча, кармалган адам ошол эле түнкү клубда жүк ташуучу жумушчу болуп иштеген.

Кармалган адамга карата Орусиянын Тергөө комитети тарабынан «Зордуктоо» беренесинин негизинде кылмыш киши козголду. Учурда ал камакта.

Орусиядагы «Кыргызстандын патриоттору»

Орусиядагы Кыргызстандын «патриотторунун» тобу биринчи кезекте интернетте мезгил-мезгили менен пайда болуп турган чуулу видеолору менен белгилүү — ал видеолордо топтун мүчөлөрү башка улуттун өкүлдөрү менен «сексуалдык байланышка» баргандыктары үчүн Орусияда жашап жүргөн кыргызстандык кыздарды кордоп, кемсинтип, аларга карата зомбулук көрсөткөн учурлары тартылган.

22-августта интернетте «Патриоттор дагы бир кызды өзбек жигит менен кармашты» деген аталыштагы видео пайда болгон. Анда белгисиз адамдар өзбек тилдүү бала менен сүйлөшкөндүгү үчүн мекендешине зомбулук көрсөтүп, андан сурак жүргүзүп жаткандыктары тартылган.

Сурак жүргүзүп жаткандар алардын жерлигин тактап, экөөнү никеде турбастан эле убакытты бирге өткөрүп жаткандыктарына айыптаган.

«Бул мындай аракеттерди өздөрүнүн акылсыз, маанисиз ишенимдери менен актап, туура иш кылып жатабыз деп эсептеген жалган патроиттор. Кандай болгондо да бул физикалык зомбулук. Биз мындай зомбулукту айыптайбыз жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн бардык чараларды көрөбүз», — деп билдирген анда ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде.

2015-жылдын июлунун башында бул сыяктуу жылаңачталган кыргызстандык кыздын суракка алынышы тартылган видео интернетке жарыяланган. Сурак жүргүзүп жаткандар өздөрүн «Кыргызстандын патриоттору» деп тааныштырышкан — алар анда кызды «өзбектер менен жаткан» деп айыпташкан.

2013-жылдын декабрында интернетке Кыргызстандан барган мигранттар катышкан видео жарыяланган. Анда алар кыргызстандык кызды «тажиктер жана өзбектер менен байланышта болгон» деп айыптап, сабашкан.

Анда алар кызды ургулап, тепкилешкен, кыз болсо жооп катары «тажиктер жана өзбектер менен эч кандай байланышта болбогондугун» айткан.

Бул сыяктуу дагы бир видео интернетте 2012-жылдын мартында пайда болгон. Анда өздөрүн «Патриот» кыймылы деп атаган эркектер кызды «бузуку жүрүш-турушка» айыптап, сабашкан.