Чуулуу видеонун каарманы Ринат Kloop.kgге курган эксклюзивдүү маегинде жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айтылган айыптоолорду четке кагып, видеодогу жүрүш-турушун түшүндүрүп берди.

Ринат кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында борбордун жол кайгуул милициясынын рейдинин маалында тартылган видео жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган. Жаш жигит аны «каралап койгондуктарын» жана агрессияга ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган милиция кызматкерлери «чагымчылдык» кылгандыктарын айтып ишендирди.

Ринаттын версиясы боюнча, 12-сентябрь күнү кечинде ал чынында эле мас абалында болгон, бирок анын «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасын анын сүйлөшкөн кызы башкарып бара жаткан. Сүйүнбаев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишде унаа бузулуп калган.

«Токтотууга автоунаанын, тагыраагы айрматиканын бузулгандыгы себеп болгон, унаа өтө төмөн түшүп, андан ары айдоого мүмкүн болбой калган», — деп түшүндүрдү Ринат автоунаасынын токтогондугунун себептерин түшүндүрүп берип жатып.

Андан соң Kloop.kgнин кабарчысынын маектеши эки көчөнүн кесилишине келип токтогон кайгуул унаасынан Жол кайгуул милициясынын кызматкери чыгып, андан автоунаага болгон документтерин көрсөтүүсүн талап кылгандыгын билдирди. Айтымында, ал документтерин көрсөткөн соң милиционер унаанын ачкычын да талап кылган.

«Бардыгы тең видеодон менин агрессивдүү жүрүш-турушумду көрүп жатышат, анткени ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланышып, мага карата мыйзамсыз аракеттерди көргөн кызматкерлер тарабынан чагымчылдык болгон», — деди Ринат.

Күч колдонуу менен коштолгон узакка созулган талаш-тартыштан кийин алар унаанын ачкычын ала алышкан. Акыры милиция кызматкери бузулган транспортту эптеп айып унаа токтотуу жайына айдап кеткен.

Алгач Ринаттын өзүн Республикалык наркология борборуна алып барышкан. (Анын өзүнүн айтымында, буга чейин милиционерлер билдиришкендей ал анда канында алкоголдун бар экендигин аныктоо боюнча тесттен өткөн эмес). Андан соң аны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткиришкен.

«Алар күч колдонуу менен менин ден соолугума зыян келтиришти. Мына мобул жер ошол күнү сыйрылган. Менде дарыгер жазып берген маалымкат бар, меники жаак артрити болсо керек», — деди Ринат.

Ошондой эле ал анда «мама» деп айтпагандыгын жана Бауржан дегендин ким экенин билбестигин белгиледи.

«Анда «мама» деген сөздүн ордуна «Маник» деген сөз айтылган. Мен досум Манасты Маник деп айтам, анда таптак эле: «Маникке, чалчы» деп айтылган […] Ал эми ИИМдеги Бауржанды таптакыр билбейм», — деди ал.

Учурда Ринаттын айдоочулук күбөлүгү сотто, унаасы айып унаа токтотуу жайында. Ал бул окуя боюнча «териштирүү жүргүзүү» ниетинде экенин айтты.

«Адам укуктары бузулду, моралдык жана материалдык зыян келтирилди. Анан да күч колдонулуп, физикалык зыян да келтирилди, биз муну териштиребиз», — деп жыйынтыктады Ринат маегин.

baurjan

Чуулуу видео

Бишкектин жашоочусу менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы чатакташуу тартылган видео zanoza.kg агенттигинин сайтына 15-сентябрда жарыяланган.

Видеонун соңунда аны милиция кызматкерлери күчтөп өз автоунаасына отургузушкан.

Милициянын версиясы боюнча, жаш жигит «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен каршы тилкеге чыгып, милиция унаасынын жолун тороп токтотуп, кафени көздөй жөнөгөн.

«Ал ИИМдин кызматкери менен коркутуп, апасына телефон чалып баштаган. Бирок жыйынтыгында аны унаасына отургузушуп, Республикалык норкология борборуна алып барышкан — анда канында алкоголдун бар экендиги аныкталган», — деп билдирди Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Анна Жукова.