Бишкекте аралаш мушташ искусстволору (ММА) боюнча мелдештин алдында анын катышуучулары таразага түшүштү. Мелдиштин башкы мушкери — бразилия джиу-джитсусу боюнча дүйнө чемпиону Джефф Монсон — рингге эрежесиз уруш боюнча Евразиянын чемпиону, депутат Замирбек Сыргабаевге каршы чыгат.

Жекеме-жеке мушташ боюнча мелдештин мушкерлерин таразага тартуу аралаш мушташ боюнча жергиликтүү чемпионат — MMA Jash Kuch Fighting Championship (MMA JFC) тарабынан уюштурулуп, 18-сентябрда «Бишкек Парк» соода борборунда өттү.  

IMG_0127

Мелдештин башкы коногу белгилүү мушкер Джефф Монсон, ал Бишкекке 17-сентябрда учуп келген. Монсондун атаандашы эрежесиз мушташ боюнча Евразиянын чемпиону жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаев болот.

IMG_0133-300x400

 

Мелдеш 19-сентябрда Бишкекте өтөт. Анда Сыргабаев менен Монсондон сырткары 8 өлкөдөн — Бразилия, Азербайжан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Америкадан келген мушкерлер катышышат.

 

Анда төрт мушкер MMA JFC версиясы боюнча чемпиондук кур үчүн ат салышышат.

Джефф Монсон — MМА мушкери, ал буга чейин көптөгөн белгилүү мушкерлер менен мушташка түшкөн, алардын арасында бир тууган Емельяненколор да бар.

Монсон өзүнүн мушкердик карьерасын 1997-жылы, 26 жаш курагында баштаган. Бүгүнкү күндө ал бразилиялык джиу-джитсу боюнча дүйнөнүн чемпиону наамына ээ жана профессионалдуу рингде 50дөн ашык мушташ өткөрүүгө жетишкен.

Сүрөт: Алтынай Джалмамбетова