Kloop.kgнин кабарчылары Бишкектеги мал базарында болушуп, мусулмандардын Курман айт майрамына карата курмандык чалуу жөрөлгөсүн видеого түшүрүп келишти.

Урматтуу көрүүчүлөр! Видеодо сиздер үчүн үрөй учурушу мүмкүн болгон кадрлар болушу ыктымал. Эгер алар сиздерге зыян келтирет деп эсептесеңиздер, анда видеону көрүүдөн карманууңуздарды сунуштайбыз.

Бишкектеги мал базарында Курман айт майрамына карата атайын кызмат иштеп жатат — анда сатуучулар кардардын буйрутмасы менен малды шариятка ылайык мууздап, союп беришет. Бул үчүн кардар малдын баасынан сырткары дагы кошумча 100 сом төлөйт.

Курман айт

Курман айт майрамы дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө ар түрдүүчө аталат: Курбан-байрам же Ид аль-адха (арабча курмандык чалуу майрамы). Бул ажылыктын аяктагандыгын символдоштурган мусулман майрамы.

Курман айт майрамында мусулмандар майрамдык Айт намазына барышып, курмандык чалышат — эреже катары алар кой, төө же уй. Бул күнү мүмкүнчүлүгү болгон ар бир үй бүлө курмандык чалышы керек.