24-сентябрда Бишкектеги Спорт ордосунан алыс эмес жайгашкан «Арзу» кафесинде «бомба» бардыгы тууралуу билдирген «телефон террористи» кылганына өкүнүп, бардык кыргызстандыктарды «андай акылсыз иштерге» барбоого чакырды. Ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25-сентябрда кармалган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24-сентябрь күнү «бомба» тууралуу жалган маалымат тараткан адам кылган ишине карата өкүнүчүн билдирип жатканы тартылган видео жарыялашты.

Ал видеотасмада «телефон террорист» кыргызстандыктарды андай «акылсыз иштерди» жасабоого чакырган.

«Бул жасаганым мыйзамга туура келбейт жана ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кыргызстандын бардык жарандарын мындай иштерди, мындай акылсыздыктарды жасабоого чакырам», — деп чакырган кармалган адам.

«Телефон террористи» 25-сентябрда кармалган. Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, ал 1971-жылы төрөлгөн, кыргыз жана орус жарандыктарына ээ.

Кармалган адам 24-сентябрда милицияга телефон чалгандыгын мойнуна алган.

«Ал экономикалык кеңештин эл аралык уюмдарынын биринин аткаруучу директору болуп эсептелет. […] Кыргызстандын УКМКсынын Тергөө башкармалыгы тарабынан «Терроризм актысы тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — деп билдирген УКМК.

Биринчи май райондук соту кармалган адамга карата камакка алуу баш коргоо чарасын белгилеген.

«Камакта болуу мөөнөтүнүн өзүн тергөө аныктайт. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынды», — деп билдиришти УКМКдан kloop.kgнин кабарчысына.

Спорт ордосуна жакын жайгашкан «Арзу» кафесинде бомба бардыгы тууралуу билдирүү милицияга 24-сентябрь күнү болжол менен саат 20:30дарда келип түшкөн.

Ал жерге барган саперлор тобу имараттын ичинен жарылуучу заттарды табышкан эмес. Андагы курчоо алынары менен «Арзунун» бардык жумушчулары кайра кафеге киришкен.

Анда күбөлөр аймакты курчоого алууга 40тан ашык милиция кызматкери катышканын билдиришкен.

Ал үстүбүздөгү ай ичинде «бомба» бар болушу мүмкүндүгү тууралуу Бишкек шаарындагы экинчи билдирүү болгон — 4-сентябрда белгисиз адам «Детский мир» соода борборунда «жардыруучу зат» коюлгандыгы тууралуу билдирген. Анда да укук коргоо органдары эч нерсе табышкан эмес.