Чүй облусундагы түзөтүү абагынан качып кеткендердин бирөөсү, Данияр Кадыралиев, Бишкектеги Спорт ордосунун жанындагы теракт боюнча соттолгон. 2010-жылдын 30-ноябрында анда жардыруу болгон — бир сааттан кийин Спорт Ордосуна 2010-жылдын 7-апрелинде демонстрацияларга каршы ок атуу иши боюнча сот башталышы керек болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Төмөнкү Нооруздагы абактан качып кеткен Данияр Кадыралиев 2010-жылдын 30-ноябрында Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанында орун алган терактты уюштуруу, ошондой эле Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин өлтүрүү иши боюнча өмүр бою эркинен ажырталыгандыгы тууралуу маалыматты ырасташты.

«Ооба, биз аны [2012-жылдын 7-февралында кармаганбыз]. «Жайшул Махдидегилердин» көбү өмүр бою эркинен ажыратылышкан. [Кадыралиев] «Терроризм» беренеси боюнча, үч милиция кызматкерин өлтүрүүгө айыпталууда, анын иштери көп», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысына.

2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Спорт ордосунун жанында жардыруу болгон — бомба имараттан алыс эмес жердеги канализациялык люктун жапкычынын алдына коюлган. Ошол күнү Спорт ордосунда 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында демонстранттарга каршы ок атуу иши боюнча соттук процесс өтүшү керек болчу.

2012-жылдын 7-февралында Кадыралиевди колго түшүрүү маалында анын жанынан курал-жарактар табылган: Калашникова автоматы, ок-дары жана колго жасалган жардыруучу заттар.

«Жайшул Махди» террористтик тобунун мүчөлөрү 2010-жылдын аягындагы бир катар оор кылмыштарды кылууга айыпталып жаткандыктары белгилүү. Алсак, Спорт ордосунун жанындагы жардыруу, Бишкек шаарынын ИИБсинин алдында жардыруу уюштуруу аракети, Алферов аттуу жаранды өлтүруү, Октябрь РИИБсинин үч кызматкерин өлтүрүү жана башка кылмыштар», — деп билдирген анда УКМКнын басма сөз катчысы.

2013-жылдын 19-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту «Жайшул Махдинин» мүчөлөрүнө карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Алардын арасында бүгүн качып кеткен кылмышкерлер Эдил Абдрахманов менен Данияр Кадыралиев да бар болушкан.

Абактан качуу

Абдрахманов, Кадыралиев жана дагы жети кылмышкер 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү түзөтүү абагынан качып кетишкен. Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн жарадар кылгандыктрын билдирди.

Алардын бешөөсүн болжол менен саат 01:00дө кармоого мүмкүн болгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкеринин айтымында, Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан билдирилген автоунаага окшош «унааны байкашкан».

«ЖКК кызматкерлери кылмышкерлер качты деп билдирилген унаага окшош машинаны байкашкан. Алардын автоунааны токтотуу талабына [качкандар] көңүл бурушкан эмес. Буга байланыштуу алардын артынан кууп барышкан», — деп билдирди Осмонбаев.

Анын айтымында, качкан кылмышкерлер ЖКК кызматкерлери ок чыгарып баштагандан кийин гана унааны токтотушкан.

Учурда Абрахманов, Кадыралиев жана дагы эки кылмышкер эркиндикте жүрүшөт. Милиция «Сирена» колго түшүрүү планын жарыялаган.

Кызматтык териштирүү

12-октябрда премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөргөн чукул жыйында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыралиевден баштап кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол берген күзөтчүлөргө чейин «жоопкерчиликтерин карап чыгууну» тапшырды.

«Кылмышкерлердин качып кетүүсү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүрүүдө, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сариев ошондой эле күч түзүмдөрүнө борбордогу стратегиялык объектилерди «өзгөчө көзмөлгө алуу» тапшырмасын берди. Бирок кайсыл объектилер экени такталып билдирилбей эле.

12-октябрь күнү эртең менен борбордогу №1 тергөө абагынын алдынан өткөн Kloop.kgнин кабарчысы мекеменин кире беришинде атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнөн турган курчоо болгонун билдирди.