Боршайком партиялардын тизмелеринен чыгарылган талапкерлердин даттануулары боюнча чечим кабыл албайт. Комиссия төрагасы «партиялардын ички ишине» кийлигишпестигин, а талапкерлердин даттануулары боюнча сот чечим чыгара тургандыгын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы «Республика — Ата-Журт» жана «Өнүгүү — Прогресс» партияларынын тизмесинен чыгарылган 15 талапкердин даттанууларын угуп, «партия ичиндеги иштерге» кийлигишпөө чечимине келди.

«Биз «Республика-Ата Журттун» ички ишине кийлигишпей эле коюу чечимине келдик. Партия өзү чечсин», — деп билдирди БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 20-октябрдагы жыйында.

«Республика — Ата-Журттун» өкүлү Елена Жылкычиева билдиргендей, партия эгер талапкерлердин кимдир-бирөөсү белгилүү бир аймактан тиешелүү сандагы добуш албай калса тизмеден чыгуу тууралуу бардык талапкерлер менен макулдашкан.

«БШКга келип дооматтарын билдирбеген талапкерлер эгер жүктөлгөн милдеттенмелерди аткара албаса талапкер тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазышы керек деген шарттын болгондугун ырастап беришет», — деди Жылкычиева.

Ал ошондой эле БШК өз чечими менен мыйзамдын эч кандай ченемин бузбагандыгын белгиледи. Өз кезегинде тизмеден чыгарылган талапкерлер Боршайкомдун чечими боюнча Жогорку сотко кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту талапкерлердин партиядан чыгуу тууралуу арыз жазбагандыктарын билдирген дооматтарын кароодон баш тарткан болчу.

Талапкердин тизмеден чыгарылышы боюнча иш

19-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутаттыкка мурдагы талапкер Аида Исмаилованын кайрылуусунун негизинде кылмыш иши козголгонун билдирген.

Исмаилова аны партиянын шайлоо алдындагы тизмесинен өзүнүн макулдугусуз эле чыгарып салгандыктарын билдирүүдө — айтымында, ал «Республика — Ата-Журттан» чыгуу тууралуу арызга кол койгон эмес.

ИИМ Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 350-беренеси — «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасоо, сатуу жана колдонуу» боюнча кылмыш ишин 18-октябрда козгогон.

«Исмаилова 15-октябрда партиянын жооптуу кызматкерлери анын макулдугусуз эле кол тамгасын жасап, анын атынан арыз жазышкандыгына ишендирүүдө. Кийин ал арыздын негизинде БШК аны талапкерлер тизмесинен чыгарган», — деп жазган «Вечерний Бишкек» басылмасы ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

Өз кезегинде «Республика — Ата Журт» партиясы ИИМге жана Башкы прокуратурага каршы «такталбаган жана жалган маалыматтар» боюнча мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушу фактысы боюнча доо арыз жазган.  

«Партия атайылап жалган маалымат таратуу боюнча Аида Исмаилова тарабынан моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 10 миллион сом талап кылып, ошондой эле такталбаган жана жалган маалыматтар боюнча мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушу фактысы боюнча ИИМ менен Башкы прокуратурага каршы доо арыз жазуу ниетинди», — деп жазды K-News маалымат агенттиги.

«Республика — Ата-Журт» эгер жетиштүү сандагы добуш топтой албай калса партиядан чыга тургандыгын айткан Исмаилованын ант берүүсү тартылган видеону көрсөттү.

Партиянын басма сөз кызматы Исмаилова шайлоочулардын белгиленген эң аз добушун топтой албагандыгын билдирген.

Күн мурун 18-октябрда Биринчи май райондук соту Боршайкомдун тизмеден чыгаруу тууралуу чечими боюнча депутаттыкка мурдагы сегиз талапкердин кайрылуусун канааттандырган эмес.

Тизмеден чыгарылган талапкерлер

Жалпысынан шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Республика — Ата-Журттун» тизмесинен 55 талапкер чыккан — Боршайком аларды өздөрүнүн жеке арыздарынын негизинде тизмеден чыгарган. Партиянын пикири боюнча, ал талапкерлер өз тилкелеринде жетиштүү добуш топтой алышкан эмес.

16-октябрда партиянын тизмесинен чыгарылгандыгына нааразы болгон алты депутаттыкка талапкер Боршайкомдун алдына митингке чыгышкан. Анда алар «Республика — Ата-Журттан» чыгуу тууралуу арыз жазбагандыктарын айтышкан.

«Мен муну жазган эмесмин. Мында менин колум коюлган эмес. Ал жакка [парламентке] чип менен киришет, ал катталат. Кечээ анда мен таптакыр болгон эмесмин. Бул ачык эле бурмалоо. Мен сыяктуулардан 10го жакын адам. Мен муну териштирем», — деп билдирген митингде талапкер Кантемир Мурзабеков.

«Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына талапкерлер тизмесинен чыгарылгандардын нааразы болуп жатышына «таң калып жатканын» жазды.

«Алар кечээ эле бардык ачык шарттарды кабыл алышып, ант беришкен. Ал талапкерлер эгер мандатка жетиштүү колдоо таппай калышса, тизмеден өз эрктери менен чыга тургандыктарын айтып оозеки жана жазуу жүзүндө ант беришкен. Ал анттар тууралуу биз дайыма, ЖМКлар аркылуу да, шайлоочулар менен болгон жолугушууларда да айтып келгенбиз», — деп жазды ал.

«Республика — Ата-Журт» — шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке өткөн партиялардын бири. Ал 120 орудуу парламенттен 28 мандат алат. Шайлоонун өзү 4-октябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына алты партия өткөн.