21-октябрда шаар бийлиги Бишкектеги Путепроводный көчөсүндө жайгашкан мечитке улаштырылып салынган курулушту түрттүрдү. Соттун чечими менен имарат мыйзамсыз курулган деп табылган. Ал мечиттин имамына таандык болгон. Акыркы жылдары анда акча төлөп эки балалуу аял жашап келген.

Мечитке улаштырылып курулган курулуш имам Курсант Бакировго тиешелүү болчу. Анын айтымында, ал жакка улап курууга башка имам уруксат берген.

«Он жыл мурда бул мечитте башка имам болгон, мен андан бул жерге күркө курууга уруксат сурагам. Ал уруксат берип мен документтерсиз эле кургам», — деди Бакиров Kloop.kgнин кабарчысына.

Анын айтымында, алгач ал коммерциялык күркө курууну пландаган, бирок ою ишке ашпай калган. Акыры курулушта акча төлөп Гүлмира Суулкан кызы жашап баштаган. Ал анда эки баласы менен беш жылдан бери жашап келген.

Сот аткаруучусу Мирлан Ногоев билдиргендей, курулушту түрттүрүү тууралуу чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту августта эле кабыл алган.

«Ага бир нече жолу өз каалоосу менен курулушту түрттүрүү сунушталган, бирок Бакиров соттун чечимин өз убагында аткарган эмес», — деди Ногоев.

Сот 16-октябрда курулушту мажбурлап түрттүрүү чечимин чыгарган.

Анда батирде жашаган Гүлмира Суулкан кызы аягына чейин үйдөн чыгуудан баш тартып келген. Ал курулушту түрттүрүү үчүн барган сот аткаруучуларына бара турган жери жок экенин айтты.

Курулуш түрттүрүлгөндөн кийин да ал Kloop.kgнин кабарчысына бара турган жери жок экенин кайталады.