Орусиянын LifeNews телеканалы эки полиция кызматкери миграциялык мыйзамдарды бузган кыргыз мигранттарынан «эки тортко» 1000 рубль талап кылып жаткандыктары тартылган видео жарыялады. Өлкөнүн тергөө комитети бул окуя боюнча тергөө иштерин баштады.

Видео LifeNews тарабынан 21-октябрда жарыяланды, бирок телеканалдын маалыматы боюнча, окуянын өзү сентябрда эле болгон.

Ал видеодо эки полиция кызматкери метродо кармалган кыргызстандык мигранттардан «эки тортко» деп 1000 рубль талап кылып жаткандыктары көрүнүп турат. Бирок кадрга мигранттардын өзүлөрү түшпөй калышкан.

Кармалган мигранттар полиция кызматкерлерине 500 рубль сунушташкан, бирок алар ага макул болушкан эмес.

«500гө бир гана торт сатып алууга болот да. А Маруся [полиция кызматкери өз кесиптешин ушинтип атаган] экөөбүздүн ар бирибиз бирден торт алышыбыз керек», — деген полиция кызматкерлеринин бири кармалгандарга.

LifeNews тасмадагы полициянын Кыргызстандан барган мигранттар менен сүйлөшкөн деп ишендирүүдө. Телеканал полиция кызматкерлери мигранттарды миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Москвадагы метро станцияларынын биринен кармашып, аларды жоопкерчиликке тартпоо үчүн акча талап кылып жаткандыктарын билдирүүдө.

Орусия басылмалары Тергөө комитетинин Москва шаардык бөлүмү ИИМ кызматкерлерине карата «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча текшерүү иштерин баштагандыгын билдирүүдө. Бирок азырынча видеотасмада көрсөтүлгөн полиция кызматкерлеринин тек-жайын аныктоого мүмкүн болгон жок.