Бишкек мэриясы борбордун көчөлөрүн тазалоо менен алектенген «Тазалык» ишканасынын күзгү жана кышкы мезгилдерге даяр экендиги тууралуу билдирди. Ал ортодо ишкананын кээ бир жумушчулары андагы автопарк көптөн бери жаңылана электигин айтып даттанышууда.  

Кар жааган маалда Бишкектин көчөлөрүн 590 жумушчу, 18 кар тазалоочу унаа, 15 самосвал жана 6 трактор тазалайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаар жетекчилигинин маалыматы боюнча, кышында көчөлөргө кум жана техникалык туз себилет — ал үчүн «Тазалык» 2 миң 946 тонна кум жана 321 тонна туз даярдап койгон. Бирок аларга болгон муктаждык кыйла көп — 7,5 миң тонна кум жана 550 тонна туз.

«Тазалыктын» башчысы Рысбек Сарпашев учурда кошумча туз жана кум жеткирүү иштери жүрүп жатканын айтты.

«Тазалыктын» жумушчусу Сергей Животягин Kloop.kgге курган маегинде мэрия ишканага жаңы техника бөлүп берүүнү убадалап жатканын, бирок азырынча эч нерсе бериле электигин айтты. Ал «Тазалыктын» эки жүк унаасына 30 жылдан ашкандыгын кошумчалады.

«Совет маалында жыл сайын эки-үч-төрт унаадан алып турчубуз. «Сууканал» ишканасы өз автопаркын жаңыртты, «Жашылдандыруу» ишканасына жаңы автоунаалар берилди, а «Тазалыкка» эч нерсе жок», — деди Животягин.