Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдына салып барган таштарды жайды — айтымында, ал бул аракети менен Кыргызстандын өлкөдөн качкан мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин дарегине каргыш жолдоду.

Токтонасыровдун кезектеги антибакиевдик пикетине Кыргызстандын мурдагы президентинин «Кайгы, сүйүү жана ишеним: Менин Кыргызстаным» деген китебинин жарык көрүшү себеп болгон. Анын бетачарын Бакиев 22-октябрда Минскте өткөргөн.

Жарандык активист колуна «Диктатор, мемуар жазгычты өткөрүп бер» деген жазуусу бар плакат кармаган.

«Сен деген сүйүктүү Кыргызстаныңа чыккынчылык кылып, адамдарды өлтүрбөдүң беле, а азыр болсо мемуарларды жазып атасың. Сенин китебиңдин кимге кереги бар? Аны Лукашенкого белек кыл», — деп кайрылды Токтонасыров Беларус элчилигинин алдындагы пикетинде мурдагы кыргыз президентине кайрылып.

Активисттин айтымында, ал Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы менен Беларус элчилигинин алдына 2010-жылдан бери чыгып келет. Ал Кыргызстандын бийлиги анын өткөргөн акцияларына эч кандай реакция жасабай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.

«Бийликтин менин аракеттериме карата эч кандай реакция жасабай жатышына мен нааразымын. Мен маскарапоз же артист эмес, а Кыргызстандын конкреттүү жаранымын го», — деди ал.

Автор: Азамат Каработоев