Бишкек шаардык сотунун кире беришине турникеттер орнотулуп, имаратка киргендердин документтери текшериле баштады — активист Александр Паленый бул Конституциянын сот жыйындарынын ачыктуулугу тууралуу беренесин бузуп жатат деп эсептейт.
Паленый кире бериште турникеттердин орнотулушу менен документтердин текшерилиши сот жыйындарынын ачыктуулугу тууралуу нормага каршы келет деп эсептейт — активист милицияга арыз жазып, ал турникеттин кандай негизде орнотулгандыгынын териштирилишин өтүндү.
«Бул турникет менин конституциялык укугумду бузуп жатат. Ал эми түрдүү жол-жоболор [сот имаратында документтерди текшерүү жөнүндөгү] тууралуу чечимдер Конституцияга каршы келет», — дейт активист.
Кыргызстандын Конституциясынын 99-беренесинде сот жыйындарынын ачыктыгы тууралуу айтылган — көпчүлүк учурларда ал өлкөнүн ар бир жараны сот жыйындарына катыша алат дегенди түшүндүрөт.
«Бардык соттордо иштерди териштирүү ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык эшик артында кароо мыйзам тарабынан каралган учурларда гана мүмкүн. Соттун чечими эл алдында ачык жарыяланат», — деп жазылган беренеде.
Соттун кире беришинде Паленыйдын документтерин текшерүүгө аракет кылган милициянын сержанты Эрлан Алдашев ал аракети «террористтик актыларга» байланыштуу жасалганын айтты.
Ибраимов аттуу судья (милиционер аны ушунтип тааныштырды) турникеттердин орнотулушунун мыйзамдуулугу жөнүндө Паленый менен сүйлөшүүдөн баш тартып, ага «жазуу жүзүндө кайрылуу» кеңешин берди.
«Прецедент» компаниясынын юристи Замир Жоошев эгер документтер бардык жерде текшерилип же эч бир жерде текшерилбей турган болсо, анда сот имаратына турникеттерди орнотуу Конституцияга каршы келбей турганын билдирди — айтымында, андай болгондо соттордун тең укуктуулук принциби бузулбайт.
«Турникеттердин орнотулуп тургандыгы — бул мыйзам бузуу эмес, бирок ал соттордун тең укуктуулук принцибин бузууда. Эгер турникеттер Бишкек шаардык сотунун судьясын мүмкүн болгон кылмышкерлерден коргоо үчүн орнотулган болсо, анда андай текшерүү пункттары белгилүү бир сот имараттарында гана эмес, а бардыгында болушу керек», — деди ал.
Юрист кире бериште отурган милиция кызматкери документтерди текшербеши керектигин айтты — ички иштер органдары тууралуу мыйзамга ылайык, анын андай кадамга баруусуна эч негиз жок.
«Милиция объектини кайтаруу тууралуу келишим түзө алат, бирок ал жарандардан документтерин талап кылбашы керек. Милиция андай кадамга адамдын кылмыш кылгандыгы же кылмыш кылууга бара жаткандыгы даана байкалып турганда бара алат», — деди Жоошев.