Жол кайгуул кызматы жарандык активист Александр Паленый тарабынан кезектеги видео жарыялангандан кийин текшерүү иштерин баштады. Жарыяланган видеодо ЖКК кызматкерлеринин унаасы «Токтоого болбойт» деген жол белгисинин алдында токтоп тургандыгы көрсөтүлгөн.

Активист жарыяланган видеодо милиция кызматкерлерин өзүлөрүнө айып жазууга көндүрүүгө аракет кылган, бирок алар андай кылуудан баш тартышкан. Ал маалда автоунаанын авариялык жарыктары да күйбөй турган.

Kloop.kgнин кабарчысына Бишкек ЖККсынын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева билдиргендей, учурда мекеме өз кызматкерлери тарабынан жол эрежесинин бузулгандыгы фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. Азырынча текшерүү иштеринин качан бүтөөрү белгисиз.

Республикалык ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов көрсөткөн активдүүлүгү үчүн Паленыйда мактады, бирок кызматкерлерге антип «катуу тийбесе» болмоктугун айтты.

«Жарандын азамат экендиги менен мен макулмун, бирок антип катуу тийип, кызматтык ишмердүүлүктөрүнө кийлигишүү — бул туура эмес деп эсептейм […] Эгер ар бир эле жаран келип кызматкерлерге бир тийип турса, анда милициянын баарын алып салып, эл өз эрежеси менен жашасын», — деп эсептейт ал.

Өз кезегинде активист өзүн инспекторлор менен андай сүйлөшүүгө толук укуктуу деп эсептейт.

«Ага алардын начар жактарын көрсөтүп айтып жатканым жагымсыз болуп атат. Тартиптин сакталышына көз салып турган ЖКК кызматкери биз сыяктуу эле бардык мыйзамдарга баш ийиши керек. Ал эми аларды аткарбай жаткан адам менен мен ал өзү татыктуу болгон таризде сүйлөшүүгө моралдык жактан укуктуумун», — деди Паленый.

Айтымында, анын талабы менен ушул жылдын жайынан бери унаасын «Токтоого болбойт» деген белгинин алдына койгон беш ЖКК кызматкери өзүнө өзү айып жазган.

Автор: Эвелина Зайцева