Pole dance боюнча алтынчы эл аралык чемпионат Бишкекте 15-ноябрда өттү. Анда Кыргызстандын жана Казакстандын балдары менен кыздары бийдин түрдүү категориялары боюнча пилондо жарышка түшүштү.

Чемпионаттка Кыргызстандын жана Казакстандын жүзгө жакын балдары менен кыздары катышышты. Мелдештер чоңдор арасында жети категория жана кичинекейлер арасында үч категория боюнча өткөрүлдү. Көрсөтүлгөн номурлардын узактыгы категорияга жараша 2 мүнөттөн 4,5 мүнөткө чейинки убакытты түздү.

Балдар төмөнкү категориялар боюнча катышышты: «Балдар А» — 6 жаштан 9 жашка чейин, «Балдар Б» — 10 жаштан 13 жашка чейин жана «Юниорлор» — 14 жаштан 16 жашка чейин. Чоңдор үчүн категориялар: «Сүйүүчүлөр 1» — бий менен алектенгенине 1 айдан 8 айга чейинки убак болгондор жана бий же спорттук даярдыкка ээ адамдар үчүн, «Сүйүүчүлөр 2» — 8 айдан 1,5 жылга чейин, «Pole Artistic», «Pole Acrobatic», «35 жаштан улуу аялдар», «Эркектер» жана «Дуэттер».

«Сүйүүчүлөр 1» категориясында Назерке Турганбай кызы, «Сүйүүчүлөр 2де» — Анастасия Князева, «Юниорлордо» — Анастасия Чернова, «35 даштан улуу аялдар арасында» — Динара Омарханова, «Балдар А» категориясында — Дарья Мальцева, «Балдар Бда» — Ксения Лысова, «Pole Artisticте» — Екатерина Самойлова, «Pole Acrobaticте» — Елена Берхтольд, «Эркектер арасында» — Виктор Кочерин жана «Дуэттерде» — Анастасия Шифельман менен Лариса Рожкова жеңишке жетишти.

Катышуучулардын көрсөткөн номурлары үч критерий боюнча бааланды: хореография (максимум 20 упай), артистизм (20 упай) жана техника (60 упай).

Кыргызстандагы Pole dance боюнча профессионалдык мектептин жетекчиси Ольга Чжао-Тун-Кун бул чемпионат балдар үчүн 6 жаштан 13 жашка чейинки жана аялдар үчүн 35 жаштан жогоркулар категориялар киргизилген алгачкы мелдеш болгонун айтты.

Катышуучулар өз номурларын диаметри 44 мм болгон жана аралыктары 3 метрди түзгөн эки пилондо көрсөтүштү. Алардын бири кыймылсыз, экинчиси айланып тура турган пилондор. Чемпионаттын милдеттүү шарты эки пилондо тең бийлөө жана кеминде алардын бийиктигинин 70 пайызын пайдалануу болду.

Чемпионат Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драмалык театрында 15-ноябрда өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Пилондо акробатикалык жана спорттук бийлөө боюнча республикалык федерациясы уюштурган.

Pole dance же пилондо акробатикалык бийлөө — бул өз ичине бийдин жана пилон менен анын айланасындагы акробатикалык өнөр көрсөтүүлөрдү камтыган спорттун түрү.

Автор: Эвелина Зайцева