6 миллионунчу кыргызстандыктын төрөлгөнүнүн урматына Ала-Тоо аянтында уюштурулган концерт маалында Бишкектин борборунда унаа тыгындары болду. «Фэйсбуктун» Рустам Бакиев аттуу колдонуучусу баракчасына унаа тыгындарынын бийиктиктен тартылган видеосун жайгаштырды.

Видеонун түп нускасы Бакиевдин фэйсбук-баракчасына жайгаштырылган. Анда Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги тыгын көрсөтүлгөн.

Бишкек ЖККсынын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева айдоочуларга концерт болуп калса жолдордун жабылары тууралуу эскертүү берилгенин айтты.

Kloop.kgнин кабарчылары Жол кайгуул кызматынын инспекторунун унаа тыгыны маалында Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыймылды өзүлөрү көзөмөлдөп жаткандыктарын видеого тартып алышкан.

Унаа тыгынына күбө болгон Бишкектин жашоочусу Елена жол көзөмөлдөөчүлөр абалды андан да күчөтүштү деп эсептейт.

«Жол чырак көзөмөлдөп турганда унаалар бир аз тезирээк кетишет. Ал эми [ЖКК инспекторлору] көзөмөлдөп баштаары менен унаалар топтолуп калат. Анткени алар бурулуп кете тургандарды өткөрүп башташат, а калгандары ордуларында калып тыгын күчөйт», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Анын бул пикири менен жөө жүрүп, ал жактагы тыгынга күбө болгон Максим таптакыр макул эмес. Анын пикиринде, унаа тыгынынын пайда болушуна айдоочулар күнөөлүү.

«Адамдар [инспекторлорду] угушса жакшы болмок. А адамдар аларды укпай эле, ал эмес «токто» деп айтышса да өтүп кетип жатышат. Айрымдары атайылап эреже бузушууда, андан улам жарым сааттап тыгын болууда», — деп эсептейт ал.

6 миллионунчу кыргызстандыктын урматына уюштурулган концерт 26-ноябрь күнү кечинде Ала-Тоо аянтында өткөн. Маданият министрлиги аны уюштурууга 800 миң сом корогонун билдирген.

Алты миллионунчу кыргызстандык 26-ноябрь күнү саат 18:12де Оштогу төрөт үйүндө аскер кызматкери, полковник Алмаз Кожошев менен Разат Белекованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Наристенин салмагы 3,8 килограммды түзгөн.

26-ноябрь күнү эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлиги пресс-релизи аркылуу алты миллионунчу кыргызстандыкты аныктоо үчүн башында мекеме башчысы Талантбек Батыралиев турган атайын штаб түзүлгөнүн билдирген.

Кожошевдердин үй-бүлөсүн президент Алмазбек Атамбаев жеке өзү куттуктап, бул окуяны Кыргызстандын «туруктуу өнүгүүсүнүн дагы бир маанилүү көрсөткүчү» деп атады.

Авторлор: Айдай Амантурова, Дастан Жаркымбаев